Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева узаган аптада Пакистандын Лахор шаарында өткөн эл аралык төртүнчү Адабият фестивалында Азиядагы геосаясий абалга токтолду. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунан кабарлашты.
Адабият фестивалында жазуучулар, акындар, публицисттер жана журналисттер азыркы глобалдык проблемаларды чыгармаларда чагылдыруу маселесин талкуулашты. Фестивалдын бир бөлүгү Азиядагы геосаясий абалга арналып, Роза Отунбаева ушул темада баяндама жасады жана дүйнөдө ар кандай зомбулуктар курчуп бараткан кезде өлкөлөр биримдикте болуусу зарылдыгын белгиледи.
Эл аралык Адабият фестивалында Борбор Азиядагы чыгармачылыктын абалы тууралуу өзбекстандык жазуучу Хамид Исмаилов талдоо жүргүздү. (SE)