Оштун вице-мэри Жапар Ормонов 27-мартка белгиленген шаардык кеңешке шайлоого байланыштуу бүгүн кызматтан кетти. Бул маалыматты Ормонов өзү “Азаттык” радиосуна бышыктап, шайлоого КСДПдагы талапкерлердин сап башында барарын айтты:
-Мен мурда да КСДПдан шаардык кеңешке депутат болгом. Партиялаштарым кайра талапкер болуу сунушун киргизишти. Аны мен туура кабыл алып, кызматтан кеттим.
Жапар Ормонов вице-мэрликке 2014-жылы келген. (SE)