Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Эр Риядда сириялык оппозиция өкүлдөрү жолугушууда


Сириянын негизги оппозициялык топтор Эр Риядда жолугушуу өткөрүүдө. Сүйлөшүүлөр боюнча Жогорку комитеттин өкүлү Монзер Махустун айтымында, 2-3 күндүк жыйынга катышкан оппозициячылар Женевада январда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн берки өнүгүүлөрдү талкуулашмакчы. Ал сүйлөшүүлөр Сирия өкмөтү Орусия жана Ирандын аскердик колдоосу менен козголоңчулардын колундагы Алеппо шаарына чабуул койгондон кийин үзгүлтүккө учураган.

Рияддагы сүйлөшүүлөрдүн алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Москва менен Сирияда жарашуу боюнча “убактылуу келишимге” жетишилгенин билдирген. Оппозиция болсо Москва жана Тегеран согуштук аракеттерди токтотуп, президент Башар Асаддын режими камоолдогу шаарларга гуманитардык жардамды өткөргөндө гана ок атышпоого макул болушарын ырасташууда.

XS
SM
MD
LG