Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:08

Венгрия өлкөгө өтүүгө аракеттенген мигранттар көбөйгөнүн маалымдады


Венгрия бийлиги 22-февралда тараткан маалыматка ылайык, үстүбүздөгү айда өлкөнүн түштүк чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген мигранттардын саны кескин көбөйдү. Өткөн жылы өлкө Сербия менен чек арада тикенек зым менен курчалган тосмолорду орноткондон бери бул - эң чоң көрсөткүч.

Расмий Будапешт 1-февралдан бери 1,5 миң киши Сербия тараптан кирүүгө аракеттенгенин билдирди. Өткөн жума күндөн бери эле 500дөй бозгун чек араны мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен кармалган. Полиция алар негизинен Марокко, Иран жана Пакистандан келаткан экономикалык мигранттар болчу деп маалымдады. Жарандык согуштун айынан мекенинен качууга мажбур болгон сириялыктардан айрымаланып, аларга көпчүлүк учурда Европадан башпаанек берилбейт. Премьер-министрдин буйругу менен чек араларда тосмолор коюлгуча өткөн жылы Венгрия аркылуу 300 миңдей мигранттар менен качкындар өткөн.

XS
SM
MD
LG