Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Ооганстанда жанкечтинин чабуулунан 13 киши өлүмгө учурады


Ооган коопсуздук күчтөрү.
Ооган коопсуздук күчтөрү.

Ооган бийлигинин маалымдоосуна караганда, Парван провинциясында жанкечти полиция командирин жардырып, андан 13 киши өлдү. Провинция полициясынын башчысы, генерал Заман Мамозайдын айтымында, окуя 22-февралда Кабулдун түндүгүндө 60 чакырым алыстыкта жергиликтүү базарда болду.

Жардыруудан тогуз жаран, төрт полиция кызматкери набыт кетип, 19 адам жарадар болду. Террордук чабуулду талиптер уюштурганы маалымдалууда.

Бириккен улуттар уюмунун жакында эле жарыяланган баяндамасында өткөн жыл ичинде Ооганстанда согушкерлердин чабуулунан 11 миң жаран набыт, жарадар болушканы кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG