Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Германия жана Франция Киевди реформаларды ыкчам жүргүзүүгө үндөдү


Киевдин борбордук аянтындагы нааразылык.
Киевдин борбордук аянтындагы нааразылык.

22-февралда Украинага келген Франция менен Германиянын тышкы иштер министрлери Жан-Марк Айро, Франк-Вальтер Штайнмайер саясий келишпестиктерди жеңип, экономиканы көтөрүүгө жана Минск келишимин аткарууга Украинаны чакырды. Министрлер Украина чыгышында согушту токтотуу үчүн Минск келишимине альтернатива жок экенин белгилешти.

Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк Германия жана Франция Минск келишимин аткарууга Орусияны мажбурлоого жардам берерине үмүт артарын билдирди.

АКШнын президенти Барак Обама 22-февралда президент Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Минск келишимине ылайык Москва Украинада ок атууну токтотууга жана ЕККУнун байкоочуларына көзөмөл жүргүзүүгө жол бериш керектигин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG