Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

Балыкчыда шеригин атып алган жоокер эки айга камалды


Балыкчыдагы Гарнизондук прокуратуранын маалыматы боюнча, Балыкчыда аскерди атып алган жоокер Бишкекте кармалат. Ага карата Кылмыш кодексинин 316-беренеси боюнча шалаакылык жана 364-беренеси боюнча күзөт кызматынын эрежелерин бузганы, ошондой эле 370-беренеси боюнча курал-жарак колдонуу эрежелерин бузганы үчүн кылмыш иши козголгон.

18-февраль күнү №20636 аскер бөлүгүндө 19 жаштагы жоокер Дастан Мурат уулу сүрөткө түшөм деп даярданып атканда жанында турган шериги кокустан атып алган. Дастан ооруканада каза болгон. Алар экөө тең былтыр жазында кызмат өтөөгө чакырылган.

Окуяга байланыштуу кылмыш иши ачылып, маркумду атып алган шериги камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG