Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча бир айлык акция башталат


Оштогу кургак учукка каршы акция, 24-март, 2015-жыл.
Оштогу кургак учукка каршы акция, 24-март, 2015-жыл.

Акция 1-марттан тарта башталып, кургак учукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык күнү, тагыраак айтканда, 24-мартта жыйынтыкталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, акция ичинде жарандарга кургак учук тууралуу кеңири маалымат берилет. Ошондой эле кургак учук менен ооругандарды колдоо топтору жер-жерлерде иш алып барышат. Колдоо топторуна кургак учуктан айыккандар, врачтар кирет. Алар оорулуулар менен жолугуп, кургак учуктун кесепеттери, андан айыгуунун жолдору тууралуу маалымат беришет.

Жалпы Кыргызстан боюнча 20 колдоо тобу түзүлгөн. Анын ичинде алтоо Ысык-Көлдө, он үч топ Чүйдө, Жалал-Абадда бирөө бар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда. Оорудан каза тапкандардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 23% азайган. Ушул тапта Кыргызстандагы 100 миң кишинин 99у кургак учук менен ооруйт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG