Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Ишкерлер өкмөткө беш программа сунушташты


500дөн ашуун ишкердин башын бириктирген Жаш ишкерлер бизнес ассоциациясы Кыргызстандагы экспорт жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн сунушун 22-февралда өкмөткө берди. Анда учурдагы экономикалык кыйынчылыктан чыгуунун бирден бир жолу катары тышкы сооданын структурасын өзгөртүү сунушталган. Ага ылайык, өкмөт ишкерлер менен чогуу беш программанын үстүндө иштөөсү керек. Биринчиси, Кыргызстандын органикалык таза өнүмдөрүн сатууну тескөө жана анын жолдору; экинчиси, экспортту өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу боюнча агенттик түзүү; үчүнчүсү, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү; төртүнчүсү, атайын өндүрүштүк аймактарды түзүү менен эл аралык рынокко чыгууга аракеттенүү жана бешинчиси, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча инфраструктуралык долбоорлор менен иштөө.

Ишкерлер сунуштаган ар бир программаны кандай жолдор менен ишке ашырууга болорун да белгилешет. Мисалы, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча инфраструктуралык долбоордун алкагында заманбап аэропорт, чакан ГЭСтерди, таштанды кайра иштетүүчү завод, заманбап медициналык ооруканаларды курууга болору айтылат.

Ишкерлер Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери өлкөнүн экономикасы кыйынчылыкка туш болгонун билдиришет. Алардын белгилөөсү боюнча, импорт менен экспорттун ортосундагы айырманын чоңдугу жергиликтүү өндүрүштү аксатып, инфляцияны күчөтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG