Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

CPJ казак журналисти кармалышына тынчсызданууда


Сейитказы Матаев
Сейитказы Матаев

"Журналисттерди короо комитети" эл аралык уюму Казакстан журналисттер союзунун төрагасы жана Улуттук басма сөз клубунун башчысы Сейитказы Матаев камалышына тынчсыздануу билдирди. Эгер казак бийликтеринде Матаев кылмыш жасаганына далил болсо айып тагып соттосун. Андай болбосо журналисттерди негизсиз айыптап, кысмактоону токтотсун", - деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ Алматыда Сейитказы Матаев менен кошо "КазТАГ" агенттигин жетектеген анын уулу Асет Матаев да кармалган. Бирок ушул эле күнү түштөн кийин бошотулган Асет Матаев Антикоррупциялык кызмат бир канча саат суракка алганын айткан. Ал бул ишти саясий себептер менен байланыштырууда.

Бирок Сейитказы Матаев сурактан соң убактылуу камакка алынган. Өлкөнүн Коррупцияга каршы кызматы ал бюджеттик каражатты кымырып алууга жана салык төлөөдөн качууга шектелип жатканын билдирди. Эгер күнөөсү далилденсе 12 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Матаевдин баш коргоо чарасын сот бүгүн аныкташы керек.

Казакстандагы "Адил сөз» медиа уюму Матаевдерди куугунтуктоонун артында «саясий диалогдун жана талкуулардын аянтчасына айланган Улуттук пресс-клубдун ишин токтотуу, “КазТАГ” жарыялаган маалыматтардын мазмунун көзөмөлдөө, журналисттер биримдигинин коомдук активдүүлүгүн басаңдатуу» сыяктуу максаттар турарын билдирген.

XS
SM
MD
LG