Ушул жылдын 21-январында Жумгал районундагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Узак Болоталиевдин үйүнө кирген уурулар кармала элек. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыкбеков билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, айыл өкмөттүн үйүнө бет капчан 5 киши түн катып киришип, үй ээсин коркутуп, 2 миллион сомго жакын акчасын жана үй оокаттарын тоноп кетишкен. Ал эми үй ээси уурулар муну күн мурунтан билип даярданып келишкенин билдирүүдө. Анткени анын чакан бизнесинен түшкөн кирешеси үйүндө сакталчу.
Бул окуя боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Бирок кылмышка шектүүлөр кармала элек. (MiK)