Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Германия Киевди реформа жолунан тайбоого чакырды


Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер бүгүн Киевде Украинанын башкаруучу коалициясындагы партиялардын тиреши өкмөттү Минск келишимине ылайык реформаларды жүргүзүү милдеттемелерин аткаруудан алаксытып жатканын билдирди. Киевдеги жолугушуудан кийин украин, француз тышкы иштер министрлери Павел Климкин жана Жан Марк менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында немис министри Минск келишимин аткарууда дагы да тиешелүү кадамдар жасалышы зарылдыгына токтолду. Ошондой эле бул келишимди аткарууга Орусия да даяр болушу керектигин белгиледи.

Штайнмайер Германия менен Франция Украинанын реформачыл аракетин колдоону улантарын, бирок ага жооп катары Киевден реформаларды улантууну күтөрүн билдирүү менен ЭВК өлкөгө кошумча насыяны сунуштоодон мурда саясий туруктуулукту кааларын эскертти.

Киев өлкө чыгышындагы жикчилерди колдоону улантуу менен Москва Минск келишимин бузуп жатканын бышыктады. Бирок Украина өлкө чыгышында жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө жол ачкан реформаларды жүргүзүү убадасын азырга чейин аткара алган жок. Бир жыл мурда жетишилген Минск келишиминде Украина чыгышында ок атышууларды токтотуп, зарыл реформаларды жүргүзүү белгиленген эле.

XS
SM
MD
LG