Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Кабул менен талибдердин сүйлөшүүсү мартта өтүшү мүмкүн


Ооган өкмөтү менен талибдердин бетме-бет сүйлөшүүсү марттын алгачкы аптасында Исламабадда өтүшү күтүлүп жатат. Төрт өлкөнүн дипломаттарынан турган топ Кабулдагы бүгүнкү жолугушуудан кийин ушундай жыйынтык болгонун жарыялашты. Ооганстан, Пакистан, Кытай жана АКШ өкүлдөрү бүгүн Кабул менен талибдер ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн калыбына келтирүү боюнча талкуунун төртүнчү айлампасына чогулган.

Бирок бул жолугушууга талибдер катышар-катышпасы так айтылган жок.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы былтыр 7-июлда Пакистанда өткөн эле. Бирок андан көп узабай "Талибан" лидери молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү ачыкка чыккан соң сүйлөшүү үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG