Орусия курамындагы бул республиканын бардык аймагында бүгүн 1944-жылдагы сталиндик депортациянын курмандыктары эскерилип жатат. Назраниде бүгүнкү эскерүү митингине миңден ашуун адам катышып, алардын арасында республика башчысы Юнус-Бек Евкуров баштаган бийлик өкүлдөрү да болду.
Ингушетиядан айырмаланып кошуна Чеченстан үч жылдан бери бул күндү расмий белгилебейт. Республика жетекчилигинин сайтында бул күндү эскерүүнүн ордуна Рамзан Кадыровдун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу жайгаштырылган.
2012-жылы Чеченстандын башчысы бул күндү эскерүүнү 10-майга - өз атасы, республиканын мурдагы президенти Ахмат Кадыров өлгөн күнгө жылдырып койгон.
1944-жылдын 23-февралында 650 миңдей ингуш менен чечендерди Орто Азия жана Казакстанга күчтөп көчүрүү башталган. Алардын жарымы жолдогу катаал шарттан ажал тапкан. Андай азаптан аман калгандарына 1957-жылы мекенине кайтууга уруксат берилген.