Бул тууралуу Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри 23-февралда сенаттын эл аралык комитетинде сүйлөп жатып билдирди. Ал Сирия боюнча Москва жана Дамаск менен сүйлөшүүлөр олуттуу натыйжа бербесе, Вашингтон экинчи планды ишке киргизерин белгиледи.
- Жетишилген келишимдин аткарылышын жакынкы күндөрдөгү аракеттер далилдейт,- деди Жон Керри.
Кошмо Штаттар жана Орусия 27-февралдан тарта Сирияда ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Ал келишим террордук деп таанылган топторго тиешеси болбойт. Британияда жайгашкан Сирияда адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюмдун кабарлоосуна караганда, "Ислам мамлекети" деп аталган террорчу топ Ханазер шаарын ээлеп, өкмөттүк күчтөрдүн колунда турган Алеппонун түндүгүнө баруучу жолду көзөмөлүнө алды. (AiT)