Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:53

Москвада аялды зордуктады деген шек менен кыргызстандыктар кармалды


Жергиликтүү маалымат каражаттары Москва шаардык Ички иштер башкармалыгына таянып жазганы боюнча, окуя 22-февралда болгон. Кыргызстандык беш киши Сергий Радонежский көчөсүнөн 49 жаштагы аялды кармап, күч менен үйдүн жер төлөсүнө алып киришкен да, арматура менен коркутуп, зордукташкан. Бул иш боюнча Орусия мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган.

Москва полициясы кармалгандардын баары кыргызстандыктар экенин билдирүүдө.

Бул окуя боюнча азырынча Кыргызстандын ИИМне эч кандай маалымат түшө электигин полициянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG