Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Кытай кыргыздарынын көчмөн оюндарында ат үстүндө "Манас" айтылды


Ат үстүндө "Манас" айткандардын бири. 21-февраль, 2016-жыл. Кызыл-Суу.
Ат үстүндө "Манас" айткандардын бири. 21-февраль, 2016-жыл. Кызыл-Суу.

Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунда көчмөн элдердин улуттук ат оюндары өттү. Аны аймактагы кыргыз кулуну Алыбек Маметрозо уюштуруп, оодан акими Сыяр Кален колдоо көрсөттү.

Оюндар “Аккула” ат майданында өтүп, салтанаттын жүрүшүн төкмө акындар Маметыса Сыдык, Төркүнбай Турдубай, Бирназар Турсун жана Абдывалы Көчөнбай комуз жана ыр менен коштоп турушту. Андан сырткары Бирназар Турсун, Сарыбай Керим жана Амантур Кабыл сыяктуу манасчылар ат үстүндө эпостун үзүндүлөрүн айтып жүрүштү.

20-21-февраль күндөрү өткөн оюндарга кызылсуулуктардан сырткары Кытайдагы Кашгар, Хотен, Аксуу, Байынгулун муңгул, Иле облусундагы чабандестер катышканын жергиликтүү тургун Төлөнтур Ыбырай уулу “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Чабандестер миң, беш миң жана он миң метр аралыкка ат чабыштан күч сынашты. Андан сырткары улак тартышып, мөөрөй талашты.

Мыкты оюнчуларга автоунаа жана мотоциклдер белекке берилди. Оюндарды көргөнү он миңдеген эл чогулганы айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG