Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

Данияр Мукашев Кыргызстандын БУУдагы өкүлү болуп дайындалды


Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Данияр Мукашев Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Данияр Мукашев мурда Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү боюнча департаментин башкарып келген.

Президент Алмазбек Атамбаевдин дагы бир жарлыгына ылайык, 24-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Ренат Түлөбердиев кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошогон. Азырынча Ренат Түлөбердиевдин ордуна ким дайындалары белгисиз.

Расмий маалыматтар боюнча Стамбулда эки миң чамалуу кыргызстандыктар бар. Алардын көпчүлүгү студенттер. (ZKo)

XS
SM
MD
LG