Bellingcat эл аралык изилдөө тобу 2014-жылдын июлунда Украина чыгышында Малайзиянын "Боинг" учагы кыйрашына аскер адамдарынын тиешеси болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Анда учакка Орусия куралдуу күчтөрүнүн 53-зениттик-ракеталык бригадасы сунуштаган "Бук-М1" комплексинен атылган ракета тйигени жазылат. Изилдөө тобунун маалыматына караганда, бул бригаданын аскер кызматкерлери социалдык тармактарга 2014-жылдын июнь-июль айларында орус-украин чек арасында болгонун далилдеген фотосүрөттөрдү жайгаштырган.
Bellingcat тобунун сайтындагы баянда ал аскер кызматкерлеринин аты-жөнү жана сүрөттөрү өзгөртүлүп, толук маалымат Эл аралык тергөө тобуна берилгени айтылат.
2015-жылдын 13-октябрында Нидерланд Коопсуздук кеңеши жарыялаган баяндамада да Малайзия учагына "Бук" комплексинен атылган "жер-аба" ракетасы тийгени жазылып, бирок аны ким атканы айтылган эмес.
Malaysia Airlines компаниясынын MH17 каттамын аткарган Боинг-777 учагы 2014-жылдын 17-июлунда Украина чыгышында кыйроого кабылып, ичиндеги 298 адамдын бири да аман калган эмес. Амстердам - Куала-Лумпур багытында бараткан учак Донецк облусунун Грабово айылына жакын жерге кулаган.