Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңеши өкмөт башчыга кайрылуу жолдоду. Анда кайрылуу ээлери министрликтеги жетекчилерди дайындоо, кадрдык саясат, коррупция маселелерине көңүл бурууну өтүнүшкөн.
Анда белгиленгендей, 2015-жылы министрликтеги жетекчи кызматтарга конкурстук негизде дайындоо жокко чыгарылып, министрдин түздөн-түз бекитүүсүнө алмаштырылган. Бул өз кезегинде пикир келишпөөчүлүккө алып келип, көптөгөн адистердин кызматын таштап кетүүсүнө алып келди, деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле кайрылуу ээлери Саламаттык сактоо министрлигиндеги жетекчилик кызматтарга конкурстук негизде дайындоо системасын кайтарууну, жетекчилердин дайындалуусун текшерүүнү, министр Талантбек Батыралиевдин кадрдык саясатына жана акыркы эки жылдагы министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү ишине баа берүүнү өтүнүшкөн.
Бул кайрылуу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги жана министр Талантбек Батыралиев азырынча пикир билдире элек.(ZKo)