Amnesty International (АІ) эл аралык укук коргоо уюму өткөн 2015-жылда дүйнөдө адам укуктары жана аны коргоого багытталган мыйзамдар менен институттар коркунуч астында болгонун билдирди. Уюмдун жылдык баяндамасында өткөн жыл Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да адам укугун коргоо жаатында катаал болгону белгиленет. Маселен Орусияда жарандар эркин чогулуп, тынч жыйындарды өткөрүүсүнө чектөө күчөгөн. Жарандык коомдун үнүн басуу амалындагы мыйзамдар кабыл алынган.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын директору Денис Кривошеев кыргыз парламенти да Орусияныкына үндөш "чет элдик агент" тууралуу мыйзам кабыл алууга тырышканын, бирок долбоор кеңешүү үчүн кайра чакыртылып алынганы менен парламентке кайтарылып, кабыл алынып кетүү мүмкүндүгү али четке кагыла электигин айткан.
Казакстанда болсо адам укуктарынын жагдайы бийлик бейөкмөт уюмдарга грант бөлүүгө жана сырттан келген каражатка көз салчу мамлекеттик агенттик түзгөн соң начарлаган. Мындан тышкары Борбор Азиянын үч өлкөсү - Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда кыйноолордон башка да адам укугун бузган көрүнүштөр уланып, мурдагыдай эле репрессвдүү абал сакталып калганы белгиленген.