Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Абдирасулова: Пикет-митингге чектөөлөр көбөйдү


Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Кыргызстанда жарандык жана саясий укуктар дагы деле чектелүүдө" деп билдирди “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова. Укук коргоочу бул тууралуу “Бир дүйнө” коомдук уюмунун Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча өткөргөн жыйынында маалымдады. Анын айтуусунда, өткөн жылы болгону бир гана пикетке бийлик уруксат берип, ага милиция көз салып турган:

- 2015-жылы болгону бир гана митингге уруксат берилип, анын тынч өтүүсүнө милиция көз салып турду. Башка учурда бардык митингдерге чектөөлөр коюлган. Мисалы, өткөн жылы “милицияга баш ийген эмес” деген себеп менен кармоолор көп болду.

Укук коргоочу Кыргызстанда мыйзам боюнча пикет-митингдерди эркин өткөрүүгө уруксат бардыгын, бирок мыйзам иштебей жаткандыгын да белгиледи.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров аз күн мурун Бишкек шаардык мэриясынын алдына митингге чыккан учурда да милиция кармап кеткен.(YI, ZKo)

XS
SM
MD
LG