Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Тажикстанда ИМге кошулууга чакырган жаран соттолду


Куляб районунун тургуну Сарбон Абдуллаев тыюу салынган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулууга үндөгөн чакырыктары үчүн айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылды. "Азаттыктын" тажик кызматынын бүгүнкү кабарына караганда, бул боюнча сот өкүмү өткөн айдын соңунда чыккан. Маалыматка караганда, Дахан айылында жашаган 25 жаштагы Сарбон Абдуллаев Сирияга кетүүгө ниеттенип жаткан учурда, былтыр августта кармалган.

Тажик бийликтеринин билдиришинче, Сирия менен Ирактагы согушка катышканы кеткен өлкө жарандарынын саны миңдин тегерегинде.

XS
SM
MD
LG