Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Иранда камакка алынган америкалык ишкердин атасы кармалды


Ата-бала Намазилер.
Ата-бала Намазилер.

Америкалык ишкер Сиамак Намази өткөн жылы октябрь айында камакка алынган. Анын сексен жаштагы иран жана америка жарандыгы бар атасы Бекир Намази 22-февралда кармалганын анын жубайы Эффие Намази Фейсбук аркылуу маалымдады.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер, АКШ жараны Иранда кармалганы тууралуу маалыматты тастыктап, “АКШ жарандарын коргоо Мамлекеттик департаменттин эң артыкчылык берген багыты” деди. “Бирок купуялуулукка байланыштуу окуя боюнча кошумча маалымат жок" экенин кабарлады. Сиамак Намази жана анын атасы Бекир Намази эмне себептен камакка алынганы белгисиз. (AiT)

XS
SM
MD
LG