Вашингтондун дарегине мындай айыптоо менен серб өкмөтү чыккан эле. Пентагондун өкүлү Жеф Дейвис каза болгон эки серб жаранынын сүрөтү жана 19-февралда урулган сокку боюнча маалыматтар топтолуп каралганда серб жарандары абадан кол салуудан набыт болду дегенге далилдер табылбаганын 24-февралда билдирди. “Биз сокку урган учурунда серб жарандарынын өлгөнү тууралуу азыркы кезге чейин ишенимдүү маалыматтар жок”, деп белгиледи Жеф Дейвис.
Кошмо Штаттар Ливиядагы Нуреддин Шушани башында турган "Даиш" тобуна 19-февралда абадан сокку урган. Шушани өткөн жылы Тунистеги террордук актыны уюштурган деп айыпталган. Сербиянын премьер-министри Александр Вучич жана тышкы иштер министри Ивица Дачич өткөн жылы ноябрь айында Ливияда уурдалып кеткен элчиликтин эки кызматкери АКШнын абадан урулган соккусунда өлгөн деп билдирген. (AiT)