Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Турат Акимов президентке кайрылуу жолдоду


Журналист Турат Акимов.
Журналист Турат Акимов.

Интернет аркылуу 24-февралда таратылган Турат Акимовдун кайрылуусунда ага кол салууга байланыштуу кылмыш ишти Ички иштер министрлигинен Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп берүү өтүнүчү келтирилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул маселени парламентте көтөрөрүн жана Акимовдун талабы аткарылыш керектигин билдирди:

-Анын талабын канааттандырыш керек. Эгерде Ички иштер министрлиги өзү иликтей турган болсо, анда министр кетиш керек. Эгерде УКМКга иш өткөрүлүп бериле турган болсо, анда башка. УКМКга берилбей турган болсо, анда тергөө кызыкчылыгы үчүн кетиш керек.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев Турат Акимовго кол салуу кылмышынын бетин ачарын кечээ күнү билдирди. “Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимовго 20-февралда түнү кол салуу болгон. Ал мунун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турат деп айыптаган. Коопсуздукка байланыштуу Турат Акимов жашынып жүрүүгө аргасыз болгонун, эгерде кайрылуусу канааттандырылбаса чет өлкөлөрдөн башпаанек суроого аргасыз болорун кошумчалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG