Анда Кыргызстандагы ишкерлик, өкмөт тараптан жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жасалып жаткан аракеттер тууралуу кеп болууда. Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманованын форумда берген маалыматы боюнча, өкмөт ишкерлердин да, мамлекеттин да кызыкчылыгын коргоо менен реформалар жасалып жатат:
-Учурда Экономика министрлиги ишкерлик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатат. Өткөн жылы бул багытта бир топ иштер жасалды, мисалы, лизинг операцияларын жүргүзүүдөгү кошумча нарк салыгы алынды. Ай сайын ишкерлер берип туруучу отчеттор кварталга жылдырылды. Бүгүнкү күнү лицензия алуу жеңилдеди, үч күндө алууга болот.
Ал эми Бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Улук Кыдырбаев ишкерликти өнүктүрүүгө жолтоо болуп жаткан мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштады. Анын айтуусунда, мыйзамдарда ишкерликти жөнөкөйлөтүүгө жолтоо болуучу машакаттар көп. Кыдырбаев мамлекеттик кызматкерлерди айыптоонун ордуна, ошол мыйзамдарды өзгөртүп, жеңилдетүү зарылчылыгын белгиледи.
Бишкекте өтүп жаткан коррупцияга каршы күрөшүү форумуна жергиликтүү ишкерлер, вице-премьер-министр Олег Панкратов жана өкмөттүн бир нече өкүлдөрү катышууда.(ZKo)