Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Казакстанда жүрүү тартиби өзгөрдү


Астана.
Астана.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жараны Казакстанга иштөө үчүн барса, чек арадан кирген күндөн тартып, отуз күн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотулат. Ал эми башка максат менен баргандар беш күндүн ичинде 90 күндүк мөөнөт менен каттоого турууга тийиш. Ошондуктан, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга бара жаткан жарандарды чек арадан өтүү учурунда Казакстанга кирүү максаты тууралуу так жазуусун өтүнгөн. Анткени, миграциялык кагаздагы Казакстанга кирүү максаты жөнүндө маалымат мекендештердин коңшу өлкөдө жүрүү мөөнөтүн аныктоодо чоң мааниге ээ, деп айтылат маалыматта.

Жаңы тартип тууралуу казак тарап Кыргызстанга быйыл 10-февралда расмий маалымдаган.

Жаңы тартип качантан тарта күчүнө кирери тууралуу азырынча маалымат жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG