Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

ИИМ: Жумгалдагы кырсык боюнча мылтык ээси жоопко тартылат


ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Жумгалда өспүрүмдүн өлүмүнө алып келген мылтыкты колдонуу боюнча расмий уруксат болгон эмес. Ошондуктан, Кылмыш кодексине жараша уруксатсыз курал-жарак алып жүргөн адам жоопко тартылат.

ИИМден тастыкташкандай, Жумгалдагы баланын өлүмүнө себепкер болгон курал мергенчилик кош ооз мылтык болгон:

-Балдар ойноп аткан учурда бири экинчисин ордунан тургузам деп тамашалап, атып жиберген. Ошондо бытыра октун чачырандысы барып, экинчи балага тийген. Жарадар болгон бала ооруканага жеткенден көп өтпөй, көз жумган.

23-февраль күнү Жумгал районунун Баш-Кууганды айлында орто мектепте окуган эки бала тоого аңчылыкка чыгышкан. Алардын бири 9-класстын окуучусу Орозбек уулу Айдар атасынын мылтыгын уруксатсыз үйүнөн алып чыккан. Балдар тоодо ойноп жаткан кезде Айдар Обозбек уулу Кенебести атып алган. Ок жеген бала көп өтпөй көз жумган. Айыл өкмөттүн маалыматына караганда, балдар бири-бирине таяке-жээн болушат.

Бул иш боюнча ички иштер органы иликтөө жүргүзүүдө. Ок аткан бала сурактан кийин кое берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG