Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Сириянын оппозициячыл топтору ок атышууну токтотууга макул


Уруштан талкаланган Босра ал-Шам шаарчасы. 23-февраль, 2016-жыл.
Уруштан талкаланган Босра ал-Шам шаарчасы. 23-февраль, 2016-жыл.

Негизги оппозициячыл топтордун башын бириктирген Жогорку сүйлөшүү комитетинин соңку билдирүүсүнө караганда, алар ок атышууну токтотуу боюнча АКШ-Орусия ортомчулук кылган макулдашуунун шарттарын эки аптага сактайт. Баштапкы элдешүү Сириянын Орусия колдогон өкмөттүк күчтөрүнүн буга канчалык даярдыгын аныктоого мүмкүндүк берет.

Ок атышууну токтотууга барарын сириялык күрттөрдүн Элдик коргонуу бөлүктөрү (YPG) деген тобу да билдирип, бирок агрессияга жооп берүүгө укуктуу болгонун кошумчалады.

Вашингтондон АКШ президенти Барак Обама Сирия макулдашуусунун келечегин комментарийлеп жатып буларга токтолду:

- Биз муну (ок атышуу токтошун) күтүүдө абдан этиятпыз. Жериндеги кырдаал татаал. Бирок акыркы аптада биз коркунуч алдында калган элге гуманитардык жардам жетүү жагынан бир аз жылышка күбө болдук. Эгер алдыдагы бир нече аптада кыянатчылык басаңдаганын көрө алсак, бул түндүктө да, түштүктө да ок атышууну узак мөөнөткө токтотууга негиз түзөт, бизге Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн зарыл болгон саясий жараянды көздөй жылууга мүмкүндүк берет.

Барак Обама бул сөздөрдү Вашингтондо иордан падышасы Абдалла менен жолуккан соң айтты. АКШ менен Орусия макулдашкан планга ылайык, Сириядагы ок атышуу 27-февралдын түн ортосунан тарта токтошу керек. Макулдашуунун шарттары “Ислам мамлекети” тобу жана башка террордук уюмдарга колдонулбайт. (UE)

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG