Футбол федерацияларынын эл аралык ассоциациясы - ФИФАнын (FIFA) жаңы президентин шайлоо эртең, 26-февралда Цюрих шаарында өтөт.
Бүгүн талапкерлер добуш топтоо боюнча акыркы аракеттерин көрүүдө.
Шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң талапкер катары Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Сальман бен Ибрагим ал-Халифа каралууда.
Талапкерлер арасында УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантино, ФИФАнын вице-президенти, иордан ханзаадасы Али бен ал-Хусейн жана мурда ФИФАнын жетекчилигинде иштеген Жером Шампань да бар.
ФИФАнын жаңы президенти бул абройлуу кызматтан коррупциялык жаңжалдан улам мөөнөтүнөн мурда кетүүгө мажбур болгон Зеп Блаттерди алмаштырат. (UE)