Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

24kg маалымат агенттиги Жогорку Кеңешти сотко берди


Маалымат каражатынын кызыкчылыгын “Адилет” укук коргоо клиникасы коргойт. Ал тарабынан даярдалган арыз 25-февралда Биринчи май райондук сотуна түшкөнүн 24kg маалымдады.

Арызда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун чечими менен агенттиктин журналисти Дарья Подольскаяга аккредитация берилбей калганын мыйзамсыз деп табуу талабы коюлган.

Өткөн жылы ноябрь айында Жогорку Кеңештин билдирүүсү таратылып, анда буга чейин аккредитациясы жоюлган журналисттер кайра аккредитацияланбай турганы маалымдалган. Дарья Подольскаянын аккредитациясы 2014-жылы ал кездеги депутат Гусаровдун арызы менен жокко чыгарылган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG