Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Обама: Сирияда ок атуунун токтошуна дүйнө жүзү байкоо салат


Барак Обама
Барак Обама

Орусиянын дарегине мындай эскертүү менен АКШ президенти Барак Обама чыкты.

"27-февралдан тарта ок атууну токтотуу келишими канчалык аткарылышы жакынкы күндөрү анык болот", - деди Барак Обама 25-февралда Коопсуздук боюнча улуттук кеңештин жыйынынан кийин.

Анын айтымында, атышууну токтотуу келишимин аткаруу беш жылдан бери созулуп келаткан жарандык согушту токтотуп, жаңжалды саясий жол менен чечүүгө Орусия жана Сирия режиминин даярдыгын сыноого алат.

Ошол эле учурда Обама келишим "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топко жана "ал- Каида" менен байланышкан "Жебхат ан Нусра" террордук топторуна тарабагандыктан кээ бир согуштук аракеттер уланат деди.

Барак Обама Ирак, Сирия жана Ливияда террорчуларды жок кылуу үчүн атайын аскерлерди жөнөткөнүн, анын натыйжасында Иракта "Ислам мамлекети" террорчу тобу ээлеп алган аймактын жарымы кайтарылганын кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG