Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

МАИ кызматкерлерин сабаган айдоочу эки айга камакка алынды


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош жолунда жол кайгуул күзөтүнүн кызматкерин сабап, погонун жулуп алган Улан Карабаевди эки айга тергөө абагында кармоо тууралуу чечимди Жалал-Абад облустук соту күчүндө калтырды. Буга чейин 6-февралда Таш-Көмүр шаарынын соту айдоочуну эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну Улан Карабаев 4-февраль күнү Бишкек-Ош жолунда автоунаа айдап бара жатып, Токтогул шаарында жол кайгуул кызматкеринин токтотконуна карабай, кетип калган.

Андан кийинки күзөт постунда да унаасын токтотпой кеткен айдоочуну МАИ кызматкерлери артынан кууп барып токтоткон учурда, Улан Карабаев автоунаасынан түшүп келип, эч себепсиз эки МАИ кызматкерин уруп, биринин погонун жулуп алган. Айдоочуга бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG