Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Кармоо учурунда каза тапкан кызматкердин өлүмү текшерилет


Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат башчысы Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча Октябрь райондук прокуратурасы ички иштер органы менен кошо текшерүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Нурлан Тагаев “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат башчысы Абдикерим Гапаров 25-февраль күнү кечке жуук 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Кармоо учурунда анын абалы кескин начарлап, отурган жеринде көз жумган. УКМКнын басма сөз кызматы анын каза болушуна жүрөгү кармап калышы себеп болгонун билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG