Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Каракол шаар кеңешине ат салышчу партиялардын саны аныкталды


Бүгүн Каракол шаардык кеңешине талапкер партиялар чүчүкулак кармап, жергиликтүү кеңештин шайлоосунда бюллетендеги иреттик сандарын аныкташты. Орун тартибин аныктоого 13 партиянын өкүлдөрү катышты. Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоочу бюллетенде биринчи болуп “Өнүгүү Прогресс”, экинчи “Мурас”, үчүнчү “Табылга” партиялары жазылат. КСДП партиясы тизмедеги 13-орунга жайгашты.

Шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Турдукожо Өмүрзаков партия өкүлдөрүн шайлоо атаандаштыгы учурунда мыйзамды сактоого, өз ара ынтымакка чакырды.

Үгүт иштери 27-февралда башталат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 27-мартка белгиленген.(AsM)

XS
SM
MD
LG