Фестиваль 6-апрелден 11-апрелге чейин болот. Бул мындай аталыш менен борбор калаада өтүп жаткан 11-фестиваль. Алгачкы концерт шаардын чок ортосунда, ачык асман алдында өтөт.
Иш-чараны “Борбор Азия – Арт Менеджмент” коомдук фонду АКШнын "Кристенсес" фонду, Швейцария, Австрия, Германия, Италия, АКШ элчиликтери, Гёте институту жана Бишкек шаар мэриясынын колдоосу менен уюштурууда.
Фестивалга АКШ, Германия, Италия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан жаз артисттери катышат.(ZKo)