АКШ президентинин билдиргенине караганда, Орусия Сирияда аскерий аракеттерди токтотуу боюнча макулдашылган планды аткарар-аткарбасын “дүйнө байкап турат”.
Ок атышуунун токтошун Сирия режими жана Орусия үчүн алар бул өлкөдөгү кырдаалды саясий жөнгө салуу менен чечүүгө канчалык берилгенинин “сыноосу” катары баалаган Барак Обама Вашингтон улуттук коопсуздук кеңешчилери менен өткөргөн жыйындан кийин буларга да токтолду:
-Венада айдан ачык жараян макулдашылды, бул - көп тарапты камтыган өкмөттү куроо, жаңы Конституция жана анын артынан эркин шайлоо өткөрүү. Мен дагы бир жол айтам жана буга ишенемин, алдыда болчу бул иштерге Башар ал-Асад кошулбайт.
АКШ менен Орусия буга чейин макулдашкан планга ылайык Сириядагы ок атышуу 27-февралдын түн ортосунан тарта токтошу керек. Макулдашуунун шарттары “Ислам мамлекети” тобу жана башка террордук уюмдарга жайылтылбайт.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү отурумунда Сирияда ок атышуу токтошун колдоо боюнча АКШ –Орусия даярдаган резолюциянын кабыл алынышы күтүлүүдө. (UE)