Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Цюрихтe ФИФАнын конгресси өтүүдө


Бүгүнкү конгресстин башталышында ФИФАнын делегаттары 89% добуш менен футбол уюмун реформалоо боюнча айрым чараларды жактырды. Ал чаралар ФИФАнын эң жогорку жетекчилери үчүн кызмат мөөнөтүн киргизүү, алардын кирешелерин ачык болушун камтыйт.

Футбол федерацияларынын эл аралык ассоциациясы - (FIFA) бүгүн ошондой эле жаңы президентин да шайлашы керек.

Шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң талапкер катары Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Сальман бен Ибрагим ал-Халифа каралууда.

Талапкерлер арасында УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантино, ФИФАнын вице-президенти, иордан канзаадасы Али бен ал-Хусейн жана мурда ФИФАнын жетекчилигинде иштеген Жером Шампань да бар.

ФИФАнын жаңы президенти бул абройлуу кызматтан коррупциялык жаңжалдан улам мөөнөтүнөн мурда кетүүгө мажбур болгон Зеп Блаттерди алмаштырат. (UE)

XS
SM
MD
LG