Нарында бүгүнкү күнгө белгиленген митинг болбой калды. Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” айтымында, тынч жыйынга эл чогулган жок.
- Мен эртең менен келе жатсам, Нарын шаарынын кире беришинде МАИ кызматкерлери турушуптур. Шаарга келип бийлик мугалимдерди митингге чыкпайсың деп кол койдуруп алганын уктум. Бул жерде тычтык митинги болмок да. Мен азыр эле өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басарына кирип чыктым. Бийлик элден коркуп жатканы көрүнүп турат.
Буга чейин жарандык активист Качкын Булатов теңиртоолуктарды азыркы социалдык-экономикалык абал, өкмөттүн бийик тоолуу аймакта жашагандарга жеңилдиктерди алып салуу планы, электр энергиясына баанын кымбаттыгы жана февраль айынан тарта күчүнө кире турган автоунаа менен үйдү камсыздандыруу мыйзамы тынчсыздандырып жатканын, митингде ушул маселелер козголорун билдирген болчу.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кечээ январь айындагы митинг учурунда түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен жолугуп, 29-февралда облустук драма театрынын имаратында эл менен жолугушуу өткөрөрүн билдирген. (MiK/КЕ)