Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Нью-Жерсинин губернатору Трамптын талапкерлигин колдоду


Дональ Трамп
Дональ Трамп

Нью-Жерсинин губернатору Крис Кристи Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трампты колдой турганын жарыялады. Ал талапкер менен чогуу өткөргөн маалымат жыйында өзүнүн чечими тууралуу айтып, Трамп досу экенин, анын президент болууга мүмкүнчүлүгү барын белгиледи.

Крис Кристи өзү дагы президенттикке талапкерлигин коюп, Нью-Гемпширдеги шайлоо жыйынтыгынан кийин чечиминен баш тарткан. Ал Республикалык партиянын борбордук канатынын белгилүү өкүлү болуп эсептелет. Анын колдоосу миллиардер талапкер Трамп үчүн маанилүү. Сурамжылоого караганда, ал республикачылардын үчтөн биринин колдоосуна ээ болгону менен партиянын лидери колдоосун көрсөтө элек.

Ноябрь айында өтчү президенттик шайлоодо Республикалык партиядан талапкер болууга 17 адам умтулуп, ички партиялык добуш берүүнүн эки штаттагы жыйынтыгынан кийинки жана андан мурдагы жарыяларды кошкондо бүгүнкү күнгө карата алардын 10у жарыштан чыкты.

Демократтардан башында президенттикке алты адам аттанып, азыр жарышта 68 жаштагы мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен 74 жаштагы сенатор Берни Сандерс калды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG