Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:02

Жалал-Абадда мектеп окуучулары жер титирөөдө коргонууну үйрөнүүдө


Жалал-Абадда мектеп окуучулары жер титирөө учурунда коргонуунун жол-жоболорун үйрөнүштү. Бүгүн шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү №10 гимназия мектебинде өрт кырсыгы жана жер титирөө маалындагы чаралар тууралуу окутуу өттү.

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Тез жардам жана ӨКМдин куткаруу кызматы биргеликте уюштурган иш-чарада кырсык учурунда мектеп жамаатынын ыкчам аракети көрсөтүлүп, кырсыктаган окуучуларга биринчи медициналык жардам берүү ыкмалары үйрөтүлдү.

Расмий маалыматта облуста 470 мектептин 20га жакыны жараксыз деп табылганына карабай балдар билим алууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG