Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Жалал-Абад шаардык прокуратурасын өрт чалды


Өрткө каршы күрөшүү кызматы тараткан маалыматка караганда, 27-февралда түнкү саат 1:30 чамасында шаардык прокуратуранын имараты күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 23 кызматкер, беш машина тартылып, тилсиз жоо толугу менен таңкы саат 5тен өткөндө өчүрүлдү.

Натыйжада прокуратура имаратынын 450 чарчы метри, чатыр, шып, эмеректер жана кагаздардын бир бөлүгү күйүп кеткен. Маалыматка караганда, имараттын узундугу 30 метр, туурасы 15 метрди түзөт. Учурда өрттүн себептери такталууда. (КЕ/RsK)

XS
SM
MD
LG