Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Рамзан Кадыров кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Кремлдин колдоосуна ээ болуп келген Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Ал НТВ телеканалына маек берип, “менин убактым өттү” деп айтты. Ошондой эле командада мураскор болчу мыкты адистер жетиштүү экенин кошумчалады.

Кадыровдун интервьюсу оппозициячыл саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн күнгө туш келүүдө. Айрымдар аны Немцовдун өлүмүнө катышы бар болушу мүмкүн деп айыптап келишет.

Немцовдун өлүмүнө шектүү деп Заур Дадаев жана дагы төрт адам кармалган. Расмий тергөө органдарынын оюнча, Заур Дадаев оппозиционерди өлтүргөн, ал эми Анзор Губашев, Хамзат Бахаев, Шадид Губашев жана Тамерлан Эскерхановдор ага кол кабыш кылган.

40 жаштагы Рамзан Кадыров президент Путиндин жакын союздашы болуп эсептелет. Ал 2005-2007-жылдары өкмөттү жетектеп, кийин Владимир Путиндин сунушу менен Чечен парламенти тарабынан президент болуп шайланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG