Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Воркутада кендеги жарылуудан беш киши набыт болду


Орусиянын түндүгүндөгү Воркутинская көмүр кенинде болгон жардыруудан беш тоо куткаруучу набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып жазып чыгышты. “Интерфакс” агенттиги өз ублактарына таянып, алты куткаруучунун жараат алганын билдирүүдө. Аталган министрлик дагы бир жарылуу болушу ыктымалдыгын айтып, убактылуу куткаруу иштерин токтотту.

25-февралда “Түндүк” шахтасында кырсык болуп, 780 метр тереңдикке кокустан метан түшүп кетип, эки жолу жарылуу болгон. Шахтадагы 111 кишинин 81и сыртка чыгарылган. Расмий маалыматтар боюнча, төрт кенчи каза болгон, дагы 26 кенчинин дайыны белгисиз.

Орусиянын көмүр кендеринде коопсуздук чаралары көп сакталбагандыктан жумушчулардын өмүрүнө кооптуу өндүрүштүк кырсыктар көп болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG