Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Бүгүндөн тарта насыяны доллар менен берүүгө тыюу салынат


Ипотекалык жана башка керектөөчүлүк насыяларды доллар менен берүүгө тыюу салуу 28-февралдан баштап күчүнө кирди. Буга байланыштуу өзгөртүүну Улуттук банктын башкармалыгы 10-февралда бекиткен. Тыюу салуу коммерциялык жана башка каржылык-насыялоо мекемелерине тийиштүү.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев калктын аярлуу катмары үчүн ипотека боюнча насыясын доллардан сомго которуу мүмкүнчүлүгүн кароону банктын төрагасына тапшырган.

Кредитти которуу шартына ылайык, насыя алуучу Кыргызстандын жараны болушу шарт. Экинчиден, анын алган үйү Кыргызстандын гана аймагында катталып, 40 миң долларга чейинки насыя 2015-жылдын 1-июлуна чейин алынган болушу зарыл жана ал бир гана адамга жазылышы керек. Доллар менен алынган насыялар 62,14 сом деген курс менен алмашылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG