Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Иран: шайлоодо реформаторлор алдыда келатат


26-27-февралдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча президент Хасан Роуханини колдогон коалиция жеңишке жетишти. Тегеранда 1,5 млн. добуш саналып, анда Роуханинин коалициясы жана анын өнөктөшү саналган мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжани парламентте да, жалаң диниятчылардан турган Эксперттер ассамблеясынан да көпчүлүктү алганын көрсөттү. Межилистеги Тегеран үчүн бөлүнгөн 30 орундун 29у реформаторлорго тиймей болду. Консерваторлор бир орунга ээ болушат.

Жума жана ишемби ирандыктар өлкө парламенти - Межилистин депутаттарын жана жалаң диниятчылардан турган Эксперттер ассамблеясынын мүчөлөрүн шайлады. Ага шайлоочулар активдүү катышканы айтылууда. Бул шайлоодо негизги күрөш бир тараптан эскичилдер менен катаал турумду кармангандар, экинчи жактан байистүүлөр менен реформачылар ортосундагы башкача айтканда, президент Хасан Раухани менен Али Хаменеинин ортосунда жүрдү. Бул өлкөнүн болочок багытын аныктай алуучу окуя катары да сыпатталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG