Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Аба ырайы: 22 градус ысык болот


2016-жылдын 28-29-февралында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-4 чакырымдары) жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдордун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

29-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8 градус жылуу, күндүз 19…24 градус ысык болот.

Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 18…23 градус ысыйт.

Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -7…-12 градус суук, ал эми күндүз 2…7 градус жылуу.

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -20…-25 градуска чейин төмөндөп, күндүз -1…-6 градус суук болот. Тоолордо түнкүсүн -16…-21 градус суук, күндүз -2…+3 градуска чейин жылыйт.

29-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 20…22 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG