Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Ооруну аныктоонун сапатын жакшыртуу маселеси талкууланат


Кургак учукту дарылоо жана дартты аныктоонун сапатын жакшыртуу маселелери эртең Жалал-Абадда талкууланат. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Анда медициналык-санитардык кызматтардын сапатын жакшыртуу, кургак учукка каршы кызматтын келерки он жылга карата жол картасы каралат. Маалыматка караганда, жол картасы 2025-жылга чейин үч этап менен ишке ашат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда. Оорудан каза тапкандардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 23% азайган. Ушул тапта Кыргызстандагы 100 миң кишинин 99у кургак учук менен ооруйт.

Адистер оорулууну дарылоодо дартты аныктоо негизги мааниге ээ экенин белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG