Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Иран: добуштардын 90 пайызы эсептелди


Иранда шайлоодогу добуштардын 90 пайызы эсептелип бүттү. Алдын ала жыйынтык реформатор талапкерлер Тегеранда кыйла озуп чыкканын көрсөтүүдө. Жума жана ишемби күндөрү ирандыктар өлкө парламенти - Межилистин депутаттарын жана жалаң диниятчылардан турган Эксперттер ассамблеясынын мүчөлөрүн шайлады. Анда 290 депутат төрт, 88 диниятчы сегиз жылдык мөөнөткө шайланат.

Президент Хасан Роухани колдогон коалиция Межилистеги Тегеран үчүн бөлүнгөн 30 орундун баарына ээ болду. Айрым консерватор саясатчыларды колдогон шаарларда шайлоонун жыйынтыгы башкача. (КЕ)

XS
SM
MD
LG